Коррупция боюнча токтом
КЫРГЫЗ
РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ
2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык
саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137
“2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча
мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик
стратегиянын жоболорун ишке ашыруу, коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү,
коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы
маданиятты калыптандыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,
17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 1) 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын
коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасы 1-тиркемеге
ылайык;
2) 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык
саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан
ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу
бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын
Адвокатурасы (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден
кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун. жөнүндө
маалыматты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берип турсун;
3) Иш-чаралар планын учурдагы жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын
чечинде ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жарым жылдыктын жыйынтыгы
боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын
аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин
чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган
күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев